Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-VIII сессиясы
2014-жылдын 1-марты № 38
“Депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча
Акматов Юлдаштын арызын кароо жөнүндө”
Зергер айылдык Кенешинин депутаты Ю.Акматовдун мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотууга берген арызын карап чыгып Зергер айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айылдык Кенешинин депутаты Акматов Юлдаш Мамытовичтин Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланганына байланыштуу өз арызынын негизинде депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
2. Зергер айылдык Кенешине шайлоодо Токтогул шайлоо Округунан кийинки добуш алган талапкердин арызын кароо жагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер айылдык Кенешинин жоопту катчысы А.Адилбековго милдеттендирилсин.
Зергер айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Ибраимов |