Редакцияот 21.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-III сессиясы

 

2013-жылдын 21-сентябры № 33

“Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин баштапкы баасы жөнүндө”

Ак-Жар айылдык кеңеши кийинки мезгилдердердеги баанын өсүшү, инфляцияны эске алып КБФнын аукционго коюлуучубаштапкы бааларын талкуулап чыгып, жердин асылдуулугуна карап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү КБФнын аукционго коюлуучу жерлеринин баштапкы баалары төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:

а) Шалынын 1га жерине 5миң

в) Сугат жердин 1га жерине 2,3 миң

с) Ак-Жар, Какыр, Большевик айылдары үчүн кайрак жердин 1гасына 532 сом

d) кайрак 1гасы Таш-Булак участкасы үчүн- 725сом, Семиз-Көл айылы үчүн 825сом

2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлү жер адиси Б.Кыдыргычовго жана айылдык кеңештин «айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Алишеровго милдеттендирилсин.

 

Ак-Жар айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н.Кыдыргычева