Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIX-сессиясы
2014-жылдын 16-майы № 7
“Отуз-Адыр айылдык аймагынын Казак айылындагы
мечитке молдо Асамидиндин ысмын берүү жөнүндө”
Казак айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын протоколун карап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казак айылындагы мечитке молдо Асамидиндин ысмы берилсин.
2. Жогорудагы токтомду бекитип берүү жагы райондук,облустук,Республикалык тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
3. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап талап кылган инстанцияларга тапшыруу айылдык кеңештин депутаты М.Бектемировго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Базарбаев.С |