ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI-сессиясы
2014-жылдын 1-октябры № 2
“Отуз-Адыр айылдык аймагындагы
айылдарга айыл статусун берүү жөнүндө”
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Беш-Кепе, Чоок, Кожомбак, Казак, Ош-3000 жана Жаңы-Мамажан айылдарынын жашоочуларынын сунуштарын карап, талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Беш-Кепе, Чоок, Кожомбак, Казак, Ош-3000 жана Жаңы-Мамажан айылдарына айыл статусу берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Жогорудагы аталган айылдарга айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (Базибай уулу Асанбек) жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (К.Джумабаев)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Базарбаев.С |