Редакцияот 01.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI-сессиясы

 

2014-жылдын 1-октябры № 5

“2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше

бөлүгүнүн 600,0 миң сомго ашыкча аткарылышынын эсебинен аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды

каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”

 

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Камчыбеков Мамасабырдын, айыл башчы Абжапаров Торомаматтын, мектептердин директорлорунун жана башка жолдоштордун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 600,0 миң сомго ашыкча аткарылышынын эсебинен 508,2 (беш жүз сегиз миң эки жүз) миң. сом акча каражаты төмөндөгү иштерди каржылоо үчүн бөлүнүп берилсин.

а) Отуз-Адыр айылынын И.Ажибеков көчөсүн асфальттоого – 400,0 миң сом

б) айылдык аймактагы иттерди аттырууга – 20,0 миң сом

в) К.Зулпиев орто мектебинин кышка даярдык боюнча иштерине – 7,0 миң сом

г) № 9 М.Тешебаев орто мектебинин кышка даярдык боюнча иштерине – 15,0 миң сом

д) М.Жаманкулов орто мектебинин арыктарынын трубаларын алмаштыруу, кышка даярдык боюнча иштерине – 20,0 миң сом

ж) Отуз-Адыр айылындагы төрөт үйүнүн потологун ремонттоого – 20,0 миң сом

з) 2014-жылдын октябрь , ноябрь, декабрь айлары үчүн салык кызматкерлерине жол кире акысын төлөп берүүгө - 12,0 миң сом

к) аскердик каттоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин аткарган иштерин белгилөөгө жана кызыктырууга – 14,2 миң сом

Жыйынтыгы: 508,2 миң. сом

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын башчысына тапшырылсын. (Базибай уулу Асанбек)

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Э. Ташматов)

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Базарбаев.С