Редакцияот 01.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI-сессиясы

 

2014-жылдын 1-октябры № 8

“Айылдык аймактын таза суу чыгаруучу

башкы курулмасынын курулуш иштерин каржылоо жөнүндө”

 

Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Кызыл-Тал»таза суу коомдук ишканасынын жетекчиси Абсатаров Балтабайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Доскредобанк» банкында депозитте турган 1200,0 миң сом акча каражатынын пайыздык бөлүгүнүн эсебинен айылдык аймактын таза суу чыгаруучу башкы курулмасынын курулуш иштерине 80,0 (сексен) миң сом иштетүүгө (чыгымдоого) уруксат берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу «Кызыл-Тал» таза суу коомдук ишканасынын жетекчиси Абсатаров Балтабайга тапшырылсын.

3. Жогорудагы 80,0 (сексен) миң сом акча каражатынын максаттуу пайдаланышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (К.Джумабаев) жана «Кызыл-Тал» таза суу коомдук ишканасынын ревкомуна жүктөлсүн.

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Базарбаев.С