ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI-сессиясы
2014-жылдын 1-октябры № 10
“Отуз-Адыр айылдык аймагындагы кайра
бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага
берүүнүн баштапкы баасын бекитүү жөнүндө”
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Базибай уулу Асанбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин баштапкы ижара баасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- 1га сугат жерге – 3800сом
- 1га шарттуу сугат жерге – 2000сом
- 1га кайрак жерге – 300сом
- 1га бакка – 3000сом.
2. Отуз-Адыр айылдык аймагынын жаштарын колдоо максатында айылдык аймактын кайра бөлүштүрүү фондунун 10(он)га сугат жерине баштапкы ижара баасы гектарына– 1500сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Базибай уулу Асанбек)
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.(Э.Ташматов)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Базарбаев.С |