Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮНКҮР КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үнкүр Кеңешинин VI чакырылышынын XX-сессиясы
2014-жылдын 3-сентябры № 2
“№ 21С.Ташиев жана № 48 М.Чыйбылов атындагы орто мектептеринин жаңы окуу жылына даярдыктары, чарбалык иштеринин жүрүшү жана жылытуу системасына электр движок салып алуу,транспорт чыгымы, эски полду жаңылоо жөнүндө”
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 21С.Ташиев жана № 48 М.Чыйбылов атындагы орто мектептеринин директорлору Ч.Жолчиеванын жана А.Чыйбыловдун жаңы окуу жылына карата жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2.№ 21 С.Ташиев атындагы орто мектебине күз-кыш мезгилине карата жергиликтүү бюджеттен жылытуу системасына электр движок сатып алуу үчүн 281,0 миң сом жана транспорт чыгымына 20,0 миң сом ,ар кандай чыгым үчүн 30,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.№ 48 М.Чыйбылов атындагы орто мектебинин коридорунун эски полун алмаштырып берүүгө карата жергиликтүү бюджеттен 29,9 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4.Керектелүүчү акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Осоровко милдеттендирилсин.
5.Токтомдун ишке ашырылышын жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика жана бюджет,мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Уметовко милдеттендирилсин.
Кызыл-Үнкүр Кеңешинин Кеӊешинин төрагасы |
Жамгырчиев А.А |