Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2014-жылдын 19-февралы № 15/50
“Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө”
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2013–жылдын 22–февралындагы №30 Мыйзамынын 1–беренесинин 2 – бъл\г\нъ негиз, «Кыргыз Республикасынын нормативдик–укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009–жылдын 20–июлундагы №241 Мыйзамынын 27–28–беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009–жылдын 8–декабрындагы №743, 2010–жылдын 25–мартындагы №184 токтомдору менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын нормативдик–укуктук актылары жөнүндө» Жоболордун талаптарына ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун жергиликтүү гезиттерге жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) XV сессиясынын шаардын жергиликтүү бюджеттери боюнча тиркемелери менен кабыл алынып жаткан токтомдору жана мындан кийинки 2014–жыл ичинде кабыл алынуучу токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кенешинин төрагасы А.Маткалыковго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |