Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2014-жылдын 16-майы № 18/57
“Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) кезектеги
XVIII сессиясын чакыруу жөнүндө” шаардык кеңештин торагасынын 2014–жылдын 6–майындагы №78 токтомун жокко чыгаруу тууралуу”
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) кезектеги XVIII сессиясы 2014–жылдын 16–майы жума күнү саат 1000гө чакыруу, сессиянын күн тартибине “Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнугүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2013–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевдин отчету тууралуу” маселени сунуштоо жөнүндө шаардык кеңештин төрагасынын 2014–жылдын 6–майындагы №78 сандуу токтому кабыл алынган. Сессиянын күн тартибиндеги маселе боюнча токтомдун долбоору менен шаардын мэринин отчету депутаттарга шаардык кеңештин регламентине ылайык, сессия болоордон он күн мурда депутаттарга таркатылып берилген.
Бирок сессияны өткөрүү күнүнө аз күн калганда, Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаев өндүрүштүк муктаждык менен Бишкек шаарына, андан ары инвестор менен Туркия мамлекетине командировкага жөнөп кетүүсү зарыл болуп калган. Командировкага жөнөп кетүүсүнө байланыштуу, шаардын мэри шаардык кеңештин 2014–жылдын 16–майында өткөрүлүүчү сессиясынын күн тартибинен шаардын мэринин отчетун кароо маселесин алып салуу, отчетун кароону кийинки сессияга калтыруу суранычы менен шаардык кеңештин төрагасына кайрылган. Шаардык кеңештин төрагасы шаардын мэринин суранычын кабыл алып, 2014–жылдын 16–майында шаардык кеңештин кезексиз XVIII сессиясын өткөрүү, бул сессиянын күн тартибине башка маселелерди сунуштоо боюнча өзүнүн 2014–жылдын 12–майындагы №79 сандуу токтомун кабыл алган. Шаардык кеңештин депутаттары У.Дарипованын жана К.Тагаевдин сунуштарын эске алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) кезектеги XVIII сессиясын чакыруу жөнүндөгү шаардык кеңештин төрагасынын 2014–жылдын 6–майындагы №78 токтому жокко чыгарылсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясын чакыруу жөнүндөгү 2014–жылдын 6–майындагы №78 токтому менен сессияга сунушталган “Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнугүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2013–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевдин отчету тууралуу” маселе шаардык кеңештин кийинки сессиясынын кароосуна калтырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковго тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |