Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2014-жылдын 29-августу № 22/73
“Кызыл–Кыя шаарынын вице–мэри Ж.Рахматулаевдин 2013–жылда жана 2014–жылдын I жарымында жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету тууралуу”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111–беренесинин 2–бөлүгүнө, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2014–жылдын 16–майындагы №18/60 токтомунун 4–пунктун аткаруу максатында, шаардык кеңештин айрым депутаттарынын талабын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын вице–мэри Ж.Рахматулаевдин 2013–жылда жана 2014–жылдын I жарымында жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету даяр болбогондугуна байланыштуу кийинкиге калтырылсын.
2. Шаардын вице–мэрлери шаардык кеңешке отчет берүүгө милдеттүү же милдеттүү эместиги боюнча маалымат алуу үчүн шаардык кеңештен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча комитетине кат жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |