Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-февралы № 12-2
“Көк-Жар айыл аймагында уюлдук байланыш түйүндөрүн жакшыртуу жөнүндө”
Көк-Жар айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, курулуш,кайра иштетүү, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 12-февралындагы №11-протоколунун чечимин угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңшинин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу,курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 12-февралындагы №11-протоколу жактырылып колдоого алынсын жана уюлдук байланыш түйүндөрүн жакшыртуу максатында антенна курууга макулдук берилсин.
2. Антенна орнотууга жер ажыратып берүү үчүн мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Көк-Жар жайыт комитетинин төрагасы А.Карабаевге,айыл өкмөтүнө жана айыл округунда түзүлгөн жер комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Абдилазизовго тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |