Редакцияот 17.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин V-чакырылышынын XV-сессиясы

 

2014-жылдын 17-июну № 15-8

“Көк-Жар айыл өкмөтүнүн «Россинбанктын» имаратын сатып алуу үчүн 2014-жылдын IV кварталына бөлүнгөн 1 500 000(бир млн. беш жүз миң) сомду 2014-жылдын II кварталына жылдыруу жөнүндө”

Айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинин чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан «Россинбанктын» имаратын,айыл өкмөтүнүн балдар бакчасы үчүн сатып алууга 2014-жылдын IV кварталына бөлүнгөн 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын 2014-жылдын II кварталына жылдырууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Көк-Жар айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Г.Абдуллаев