Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-августу № 13-2
“Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 14 -августундагы билдирүүсү жөнүндө”
Көк-Жар айылдык кеңешинин сессиясында айтылган ой-пикир,сунуштарды угуп жана талкуулап,айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин айыл,суу чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 15-августундагы №13-1-токтому жактырылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун суулуудагы кээ бир суу жетпеген,асылдуулугу төмөн жерлерди ижарага берүү кыйын болгондуктан,аны убактылуу көп жылдык бак катары пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адистерине жана айыл аймагы боюнча түзүлгөн жер комиссияларына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук жогорку тиешелүү органдарга сунушталсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |