Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

2009-жылдын 7-сентябрындагы № 270 буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2007-жылдын 9-июну № 277

 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 30-майындагы № 234 буйругунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 609 токтомунун 2-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөсү болуп бекитилишсин:

Султанбаев Темирбек Жакшылыкович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Исаков Сапар Жумакадырович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Макеев Төлөндү Картаңбаевич - Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координатору;

Молдогазиев Айбек Бейшеевич - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору;

Исаев Асеин Кусеинович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директору;

Токтосунова Нүргул Нурмаматовна - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Жалпы маселелер боюнча департаментинин директору;

Турсункулов Канат Асанканович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөр департаментинин директору;

Борбиева Самаргүл Эркиновна - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин директору;

Бейшембиев Эрик Айдарканович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору;

Кулубаев Жээнбек Молдоканович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;

Байкожоев Муратбек Сейтказиевич - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору;

Гречанная Марина Викторовна - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси;

Суванов Эркин Абылкасымович - "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын башкы директору.

(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 30-майындагы № 234 буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 12-январындагы № 12 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев