Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Арал айылдык Кеңешинин VI сессиясынын XXXVIII чакырылышы
2014-жылдын 24-апрели № 8
“Күрөш залын кайра оңдоп түзөө жөнүндө”
Кең-Арал айылдык аймактык Кеңештин 38-чакыры депутаттарынын 2014-жылдын кезексиз 2-сессиясы,айыл аймагынын жашоочусу, лыштагы “Келечек Кең-Арал жаштар” коомдук бирикмесинин төрагасы А.Шабдановдун, Кең-Арал айылындагы күрөш залын кайра оңдоп түзөө боюнча демилгесин угуп талкуулап:
Токтом кылат:
1.Кең-Арал айыл аймагындагы күрөш залын кайра оңдоп түзөө максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Күрөш залын кайра оңдоп түзөө үчүн долбоорлорду даярдоо жагы “Келечек Кең-Арал жаштар” коомдук бирикмесинин төрагасы А.Шабдановго тапшырылсын.
3.Долбоорду ишке ашыруудагы тиешелүү өздүк салымдын 352000 (үч жүз элүү эки миң) сому накталай акча түрүндө айыл округунун 2014-жылдын боюджетинин эсебинен которулсун.
4.Мындан сырткары өздүк салымдын калган 50%ы болгон 351841 (үч жүз элүү бир миң сегиз жүз кырк бир) сомду материал жана эмгек ресурсу менен камсыз кылуу жагы айыл округунун башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырылсын.
Кең-Арал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Изаканов |