Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-июлу № 26-12/38
“Кыргыз Республикасынын калктуу коңуштарынын аймагындагы көчөлөрдүн маалым даректерин чогултууга карата Кайыңды айылдык аймагынын коңуштуу айылдардын аты жок көчөлөрүнө ат коюу маселесин кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестири (КБМР) маалыматтар базасын түзүү үчүн зарыл болгон биографиялык жана биометрикалык маалыматтар чогултуу үчүн, Кайыңды айылдык аймагына караштуу конуштуу айылдардын көчөлөрүнүн маалым даректерин тактоо иштери жүргүзүлүп, аты жок көчөлөргө ат коюу боюнча жамаатттардын протоколдорунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагына караштуу конуштуу айылдардын көчөлөрүнүн маалым даректерин тактоо боюнча жамааттардын протоколдору бекитилсин.
2. Кайыңды айылдык аймагына караштуу:
- Арал айылынын аты жок көчөлөрүнө «Узун-Булак», «Орто-Сай» деген ат ыйгарылсын.
- Кайыңды айылынын аты жок көчөсүнө «Келечек» деген ат ыйгарылсын.
- Нылды айылынын аты жок көчөсүнө «Таш-Арык» деген ат ыйгарылсын.
3. Кайыңды айылдык аймагына караштуу конуштуу айылдардын көчөлөрүнүн мурдагы аталышы өзгөртүүсүз калтырылсын. (тиркеме тиркелет)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кеңешинин тармактык комиссиянын төрагасы Б.Сулаймановго тапшырылсын.
Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |