Редакцияот 24.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык Кеңешинин III сессиясынын VI чакырылышы

 

2013-жылдын 24-январы № 1

“Мектеп директору А. Конгайтиевдин иши жөнүндө”

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын үчүнчү сессиясы, мектеп директору А. Конгайтиевдин ишин карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Мугалимдердин эмгек тартибине катуу көзөмөл жүргүзүлсүн.

2.Окуучулар арасында кылмыштуулукту, тартип бузууну болтурбоого зор аракеттер көрүлсүн.

-Окуучулардын уюлдук телефон менен мектепте колдонуусуна тыюу салуу максатында ата-энелер чогулушу депутаттардын катышуусунда жакын арада уюштурулсун.

3.Окуучуларга билим жаатында ар кандай кружокторду уюштуруу жолго коюлсун.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Миң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Койчубаев