Редакцияот 01.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык Кеңешинин VI сессиясынын VI чакырылышы

 

2013-жылдын 1-марты № 5

“Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башкаруу

аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө”

 

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын алтынчы сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу №323-токтомун жетекчиликке алуу менен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктери 11 (он бир) бирдикте бекитилсин.

2. Штаттык бирдикте каралган жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адистин ордуна, экономика-статистика боюнча жетектөөчү адис кабыл алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн

 

Миң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Койчубаев