Редакцияот 01.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык Кеңешинин VI сессиясынын VI чакырылышы

 

2013-жылдын 1-марты № 8

“Көчөлөрдүн тазалыгы, көпүрөлөрдү куруу, ички көчөлөргө кум, шагылдарды төгүү, түнкү жарыктардын толугу менен күйүшүн камсыз кылуу жөнүндө”

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын алтынчы сессиясы, көчөлөрдүн тазалыгы, көпүрөлөрдү куруу, ички көчөлөргө кум, шагылдарды төгүү, түнкү жарыктардын толугу менен күйүшүн камсыз кылуу жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдын аймагындагы бардык көчөлөр 2013-жылдын 1-майына чейин тазалансын.

2. Айылдын ички көчөлөрүнө кум, шагылдарды төгүү, ремонт иштерин жүргүзүү, көпүрөлөрдү куруу үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин бүткөрүлсүн.

3. Турмуш тиричиликтен чыккан таштандылар (кагаз, салафан мүшөктөрү, баклажкалар, бош бөтөлкөлөр, сырдын челектери, салфетка, памперс, эскирген идиш-аяктар, эскирген кийимдер, эскирген бут кийимдер) атайын таштанды төгүүчү жайга («Эчкили» тоосунун этегиндеги) төгүлсүн.

4. Көчөгө турмуш тиричилик таштандыларын (кагаз, салафан мүшөктөрү, баклажкалар, бош бөтөлкөлөр, сырдын челектери, салфетка, памперс, эскирген идиш-аяктар, эскирген кийимдер, эскирген бут кийимдер) таштагандарга,

-курулуш материалдарын (кум, таш, шагыл, топурак, кесилген теректер), ар кандай турмуш тиричиликке керектүү (көң, тезек, чөп, фасолдун бакалы, саман, жыгач таарындылары) ж.б. таштагандарга 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө айып салынсын.

5. Бул маселе боюнча элге кеңири маалымат берилсин, соода түйүндөрүндө, коомдук жайларда токтомдун нускалары илинсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Миң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Койчубаев