Редакцияот 24.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык Кеңешинин XXIV сессиясынын III чакырылышы

 

2014-жылдын 24-декабры № 245

“Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын аткарып жаткан иштери жөнүндө”

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын башчысы Ш.Шакировдун Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кенешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 22-декабрындагы отурумунун №8-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын башчысы Ш.Шакировдун Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча аткарылып жаткан иштери боюнча маалыматы эске алынсын.

2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү маселесинин аткарылышын такай көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.

3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кенешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

Кеӊешинин төрагасы

У.Примов