Редакцияот 24.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин XXIV сессиясынын III чакырылышы

2014-жылдын 24-декабры № 247

“Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу “Татар”, “Мээркан” жана “Качыбек” айылдарына айыл макамын берүү жөнүндө”

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башчысы Б.Токторовдун аталган башкармалыкка караштуу “Татар”, “Мээркан” жана “Качыбек” айылдарына айыл макамын берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 18-декабрындагы № 38-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу “Татар”, “Мээркан” жана “Качыбек” айылдарына айыл макамын (статус) берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын. 

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына  жарыялансын (К.Жамалов).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык  жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов)  жүктөлсүн. 

 

Ош шаардык

Кеңештин төрагасы

 

У. Примов