Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин XV сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 12-февралы № 4
“Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2014-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө”
Миң-Булак айылдык аймактык кеңеши, айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин колому киреше,чыгашасы менен 4075,6 мин сом суммасында баланс менен бекитилсин. Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
- Теңдөөчү грант | - 2166,1 миң сом, |
- Иш берүүлөр тараб.айлык акы-н кармалуучу киреше салыгы | - 700,0 мин сом, |
- Патенттик негизде алынуучу киреше салыгы | - 147,0 миң сом, |
- Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык | - 9,0 миң сом, |
- Транспорт ээлеринен алынуучу салык | - 180,0 миң сом, |
- Короо-жай жер салыгы | - 102,5 миң сом, |
- Айыл чарба жер салыгы | - 408,3 миң сом, |
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | - 30,0 миң сом, |
- Сатуудан алынуучу салык | - 240,0 миң сом, |
- Роялти | - 3,0 миң сом, |
- Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги учун акы | - 2,0 миң сом |
- КБФ ижара аренда акысы, | - 72,7 миң сом |
- Юст.орг.тарабынан кармалуучу мамл.алым, | - 12,0 миң сом |
- Айып акылар,санкциялар,конфискациялар | - 3,0 миң сом. |
Чыгашалар бөлүгү 4075,6 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
1. Башкаруу аппаратына 2. Билим берүү бөлүмүнө 3. Социалдык коргоо болумуно 4. ЖКХ бөлүмүнө 5. Маданият бөлүмүнө 6. Өзгөчө кырдаалдар 7. Резервдик фонд | – 1947,8 миң сом, – 532,4 миң сом, – 194,5 миң сом, – 789,6 миң сом, – 451,3 миң сом, – 120,0 миң сом – 40,0 миң сом, |
2. 2014-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы, соц.фонд ж.б.).
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык аймактык Кеңештин сессиясына сунушталсын.
Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга, разделден разделге, статьядан статьяга жылдыруулар айыл окмотунун финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айылдык аймактык Кеңештин токтомунун негизинде жүргүзүү жагы белгиленсин.
4. 2014-жылдын 1-январына айылдык бюджеттин эсебиндеги кассалык акча жүгүртүү каражатынын көлөмү 2,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 10-январындагы № 1/Y буйругуна ылайык, 2014-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 120,0 мин сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
- Ошондой эле «КРнын бюджеттик укуктун негизги принциптери жонундо Мыйзамынын» 21-статьясынын негизинде 2014-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1 %ынын эсебинен 40000 сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп, айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
6. 2014-жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн Мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө (башкы бухгалтер С.Токторалиевага) тапшырылсын.
7. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
8. Салык Кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.
Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегеруунун коэффициенти К1=1,0 болуп белгиленсин.
9. Жергиликтүү бюджетти колдоо ирээтинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары (айлык акы,соц.фондко чегерүү ж.б.) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
10. Жергиликтүү бюджеттин 2015-2016-жылдарга болжолу төмөндөгүдөй суммада белгиленсин.
а) 2015-жылга,бюджеттин көлөмү (киреше,чыгашасы менен) анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегеруусу тендөөчү грант | - 4153,2 мин сом - 2017,4мин сом - 2135,8 мин сом |
б) 2016-жылга,бюджеттин көлөмү (киреше,чыгашасы менен) анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү тендөөчү грант | - 4176,8 мин сом - 2042,4мин сом - 2134,4 мин сом |
11.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |