Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин XV сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 12-февралы № 5
“Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө”
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VI чакырылышынын он бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 625929 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.
2.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 625929 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 259900 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
-Аппарат кызматкерлерине сыйлык акы катарында айлык маяналарынын 30% ын-28200 сом;
-Соц.фондго чегерүү- 4900 сом ;
-Ар кандай чыгымдарга-226800 сом ;
-ТЖК бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар статьясына- 320229 сом;
-Билим берүү бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар статьясына- 20000 сом;
-Маданият бөлүмүнө- 25800 сом;
Анын ичинен ;
-Маданият бөлүмүнүн кызматкерлерине сыйлык акы катарында айлык маяналарынын 30% ын-4900 сом;
-Соц.фондго чегеруу-900 сом;
-Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу статьясына-20000 сом;
3.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Бакай-Ата райондук каржы бөлүмүнө сунуш кылынсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |