Редакцияот 12.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык Кеңешинин XV сессиясынын VI чакырылышы

 

2014-жылдын 12-февралы № 6

“Ордобаев Садыбакастын жана Шаамурзаев Анарбектин ысымдарын жаңы көчөлөргө ыйгаруу жөнүндө”

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он бешинчи сессиясы, жогорудагы айтылган Ордобаев Садыбакастын жана Шаамурзаев Анарбектин ысымдарын жаңы көчөлөргө ыйгаруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айылдын тургуну Ордобаев Садыбакастын ысымы «Чоң чарбак» массивиндеги күн чыгыш тараптагы биринчи көчөгө (көчөнүн башынан кара сууга чейин) ыйгарылсын.

2.Айылдын тургуну Шаамурзаев Анарбектин ысымы «Чоң чарбак» массивиндеги күн батыш тараптагы биринчи көчөгө (кара суудан көчөнүн аягына чейин) ыйгарылсын.

3.Айылдын тургуну Турсуналиев Рыскулбектин ысымы «Чоң чарбак» массивиндеги күн батыш тараптагы экинчи көчөгө (кара суудан көчөнүн аягына чейин) ыйгарылсын.

4.Аталган көчөлөргө кум төгүп, тегиздеп, лоток коюп берүү, ошол көчөнүн түнкү жарыктарын коюуга жардам берүү жагы Ордобаев Динмухамедге жана Нусувалиев Абдумиталипке милдеттендирилсин.

5..Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Миң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Койчубаев