МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин XVII сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-апрели № 1
“Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он жетинчи сессиясы, жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитетинин 2014-жылга бюджети төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Жайыт комитетинин 1 жылдык бюджети 145000 сом;
- Жайыт комитетинин төрагасынын айлык акысы айына 4000 сомдон, бир жылга 48000 сом;
- Бухгалтердин айлык акысы айына 1000 сомдон, бир жылга 12000 сом;
- Инспектордун айлык акысы айына 1500 сомдон, 10 айга 15000 сом;
- Жакынкы жайытка (Эчкилиге) мал башына (кой, эчки) 10 сомдон;
- Алыскы жайытка (Күмүштак) мал башына (кой, эчки) 10 сомдон;
- Жылкы, эшек ар бир башына 120 сомдон;
- Уй, топозго ар бир башына 100 сомдон;
- Саздар жана көрктөндүрүүгө берилген жерлердин жайыт акысы гектарына 500 -1000 сомго чейин бир жылга; (токтомдун негизинде)
- Саздар жана көрктөндүрүүгө берилген жерлердин жайыт акысын 2009-жылдан тартып төлөбөгөн жарандарга гектарына 500 сомдон ар бир жылга төлөнсүн;
- Уруксаты жок жайыт жерлерин курчап, ээлеп алгандарга 2000 сомдон айып салынсын
- Кум, топурак, таш алуу камазга 100 сом (1 рейси)
- ГАЗ-53, тракторлорго 50 сом (1 рейси)
- Карьерлерге жана бирөөнүн жерине уруксаты жок түшүп кеткен малдарга көзөмөл жүргүзүү, айып салуу жайыт комитетинин инспектору К.Сакебековго милдеттендирилсин.
- Жайыт билети жок кирген малга айып:
- Уй, жылкынын бир башына 100 сомдон ;
- Кой-эчкиге бир башына 10 сомдон;
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |