МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин XVII сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-апрели № 6
“Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп гимназиясынын №2 корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он жетинчи сессиясы, жогорудагы айтылган Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп гимназиясынын № 2 корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Миң-Булак айыл аймагындагы Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп гимназиясынын №2 корпусун капиталдык ремонттоо максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2.Миң-Булак айыл аймагындагы Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп гимназиясынын №2 корпусун капиталдык ремонтоо үчүн долбоорду даярдоо жагы мектептин мугалими Б.Джанчаровага тапшырылсын.
3.Долбоорду ишке ашыруудагы тиешелүү өздүк салымдын 175000 (бир жүз жетимиш беш миң) сому накталай акча түрүндө айыл өкмөтүнүн ТЖК бөлүмүндө каралган 2215 статьядан которулсун.
4.Мындан сырткары өздүк салымдын калган 50% болгон 175000 (бир жүз жетимиш беш миң) сомду материал жана эмгек ресурсу менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |