Редакцияот 22.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Булак айылдык Кеңешинин IV сессиясынын III чакырылышы

 

2013-жылдын 22-ноябры № 9

“Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-кварталына жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү боюнча Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э.Маматовдун билдирүүсүн угуп, Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн төмөндөгү салыктарга өзгөртүү киргизилсин.

Транспорт салыгынын юридикалык жак.-17,0 миң сомго. Сатыктан алынуучу салык-32,0 миң сомго Административдик штраф-1,8 миң сомго Бардыгы болуп киреше бөлүгүнө-13,2 миң сомго өзгөртүү киргизилсин.

2. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизилсин: Башкаруу аппаратынын 2215 статьясына-13,2 м.с Бардыгы болуп чыгаша бөлүгүнө 13,2 миң сомго өзгөртүү киргизилсин.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Алтын-Булак айыл Кеңешинин “финансы, бюджет жана экономика боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Алтын-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Саипов