Редакцияот 20.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Булак айылдык Кеңешинин V сессиясынын III чакырылышы

 

2014-жылдын 20-февралы № 16

“Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн экономикалык-пландоо аймагын аймактык “К” коэффициентинин маанисин жана кыймылсыз мүлктүн 1-2-3-топтогу объектерине салык чегерүү жөнүндө”

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып, Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алтын-Булак айыл аймагынын экономикалык-пландоо аймагын Чечебай, Кандава, Таш-Башат, Алтын-Булак, Сасык-Булак айылдарын камтыган чек аралары бекитилсин.

2. Экономикалык-пландоонун аймактык коэффициенти “К” 1,3кө барабар деп кабыл алынсын.

3. Бул токтом жер салыгын эсептөөдө жана кыймылсыз мүлктүн 1-2-3-топтогу объектилерине салык чегерүү 2014-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.

4. Токтом массалык маалымат каражатында чагылдырууга жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Алтын-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Саипов