Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин VI сессиясынын V чакырылышы
2013-жылдын 24-августу № 6/4
“Бел айыл өкмөтүнүн Борбаш айылындагы “Жоогазын-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесин мамлекеттик каржылоого өткөрүү жөнүндө”
Бел айылдык аймагынын Борбаш айылындагы “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасыны мамлекеттик каржылоого өткөрүү боюнча Борбаш айылынын тургундарынын 2013-жылдын 23-августундагы арызын карап жана талкуулап Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылдык аймагынын Борбаш айылынын тургундарынын арызы канааттандырылсын.
2. “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү маселесин чечип берүү жана жогорку органдарга кат жөнөтүп чечүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бел айылдык кеңешинин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |