Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин XI сессиясынын V чакырылышы
2014-жылдын 29-апрели № 11/2
“Бел айылынын Каңды бөлүмүнүн жашоочуларынын арызын канааттандыруу жөнүндө”
Бел айылынын Каңды мааласында жашаган жарандардын огород участкасы жана үлүштүк жерлери насос аркылуу сугарылат. 2014-жылдын сезон учуруна иштетүүгө даярдоого РЭТ ишканасынан уруксат алуу үчүн насостун эки жылдардан калган 18100 сом акча каражатын төлөөгө туура келүүдө. Айыл тургундарынын көп жылдан бери келе жаткан карызды төлөөгө айыл Өкмөтүнөн жардам сурап жазган арызын угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылындагы Каңды мааласынын жашоочуларынын арызын канааттандырып, насостун эски карызы үчүн Өкмөттүн аппаратынын ар түрдүү чыгымдарынын эсебинен ст. 22154900 дөн 18100 (он сегиз миң бир жүз) сом акча каражаты өткөрүлүп берилсин.
2. Бел айылынын Каңды мааласындагы насостун эски карызына бөлүнгөн акча каражатынын тиешелүү иш кагаздарын даярдап өткөрүп берүү жагы айыл Өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Мурзаевге тапшырылсын.
3. Акча каражаты которулгандан кийин РЭТ ишканасынан насостун иштөөсүнө уруксат алуу, иштетилген электр энергиясы үчүн өз убагында төлөм каражаттарын төлөп туруу моторист Темировго жүктөлсүн.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |