Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин XI сессиясынын V чакырылышы
2014-жылдын 29-апрели № 11/3
“Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Бел айылындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин жылытуу системасын, эшик жана терезелерин жаңылоо жөнүндө”
Бел айылдык аймагынын Бел айылындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин жылытуу системасын, эшик жана терезелерин жаңылоо боюнча үлүштүк гранттан алынуучу акча каражаты жөнүндө маселени карап жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылдык аймагынын Бел айылындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин жылытуу системасын, эшик жана терезелерин жаңылоо боюнча үлүштүк гранттан ажыратылып берилүүчү 2 687 268,6 (эки миллион алты жүз сексен жети миң эки жүз алтымыш сегиз сом 60 тыйын) сом акча каражаты өз максатында пайдаланылсын.
2. Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган проектилерди колдоо боюнча ажыратылган акча каражатынын эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом бөлүнүп берилин.
3. Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган проектилерди колдоо боюнча ажыратылган акча каражатынын эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты өздүк салым үчүн ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Мурзаевке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |