Редакцияот 24.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык Кеңешинин XII сессиясынын V чакырылышы

 

2014-жылдын 24-майы № 12/1

“Жоогазын-Нуру” балдар бакчасынын эмгек жамаатынын кайрылуусун кароо жөнүндө”

Бел айыл аймагынын Борбаш айылындагы “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасынын эмгек жамаатынын кайрылуусун угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз он экинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Борбаш айылындагы “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ойноочу жайы үчүн Ой-Талаа орто мектебинин жер аянтынан 0,30 га жер аянты ажыратылып берилсин.

2. Ой-Талаа орто мектебинин каклган жер аянтын жана “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасына бөлүнүп берилген жер аянттарын пландаштырып берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бел айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Бекботоев