БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин XII сессиясынын V чакырылышы
2014-жылдын 24-майы № 12/4
“Айыл аймагындагы Кашка, Күңгөй, Додоң-Бак, Ой бөлүмдөрүнөн ген план түзүү жөнүндө”
Айыл аймагындагы Кашка, Күңгөй, Додоң–Бак, Ой бөлүмдөрүндөгү жарандарга турак жай салуу үчүн берилген жер участкалары өз учурунда кээ бир кызматкерлер аркылуу ген планы жок эле тартылып берилген. Жарандар өздөрү салып жашап жатышкан турак жайларына мыйзамдуу түрдөгү документтерди жасоодо бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Ошондуктан жарандардын маселелерин чечүү максатында депутаттардын Бел айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз он экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагындагы Кавшка, Күңгөй, Додоң-Бак, Ой бөлүмдөрүнө деталдуу пландоо долбоору түзүлсүн.
2. Аталган бөлүмдөргө деталдуу пландоо долбоорун түзүп берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Аткарылган иштерге акча каражатын бөлүп берүү жагы Бел айыл окмөтүнө жүктөлсүн.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |