Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 14-ноябры № 24/78
“Кызыл–Кыя шаарынын аймактык ооруканасынын саламаттыкты сактоону реформалоонун алкагында калкты медициналык тейлөөнүн сапатын, деңгээлин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнү жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча маалыматы жөнүндө”
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2014–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын аймактык ооруканасынын саламаттыкты сактоону реформалоонун алкагында калкты медициналык тейлөөнүн сапатын, деңгээлин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнүн калкка жеткиликтүүгүн камсыз кылууну жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө шаардын аймактык ооруканасынын директору А.Жаныбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын аймактык ооруканасынын жетекчилигине Улуттук “Ден соолук” программасын ишке ашырууну камсыз кылуу, калкты медициналык тейлөө багытында жүргүзүп жаткан иштеринде орун алган кемчилдиктерди четтетүү боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын аймактык ооруканасынын жетекчилигине мындан ары иновациялык усулдарды пайдалануу, анализдерди аныктоочу лабораториялардын жабдууларын жаңылоо, алардын материалдык–техникалык базаларын чыңдоо жана лаборанттардын квалификацияларын жогорулатуу, тажрыйбалуу адистерди тартуу менен калкты дарылоонун натыйжалуулугун, медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча толук кандуу иштерди жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |