Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 14-ноябры № 24/79
“Кызыл–Кыя шаарындагы социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды 2014–2015–жылдын күз–кыш мезгилине даярдоонун абалы жана азыркы мезгилде жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө”
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2014–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарындагы социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды 2014–2015–жылдын күз–кыш мезгилине даярдоонун абалы жана азыркы мезгилде жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кызыл–Кыя шаарынын 1–вице–мэри, шаардагы социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды күз–кыш мезгилине даярдоо боюнча штабдын жетекчиси Э.Топчубаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарындагы социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды күз–кыш мезгилине даярдоо боюнча штабка милдеттендирилсин:
-шаардагы социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды 2014–2015–жылдын күз–кыш мезгилине даярдоо иштеринде орун алган кемчилдиктерди тез арада жоюу боюнча шашылыш чараларды көрүп, күз–кыш мезгилине даярдоо иштерин кабыл алынган иш пландардын негизинде 2014–жылдын 1–декабрына чейин толук аягына чыгаруу жагы;
-шаардын РЭТинин, жылуулук берүү мекемесинин жана “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын иштерин такай көзөмөлгө алып, шаардагы социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды 2014–2015–жылдын күз–кыш мезгилинде электр, жылуулук энергиялары жана ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, ънър жай, транспорт, комуникация жана агрардык маселелери боюнча жана коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |