Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 14-ноябры № 24/81
“Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн билим берүүнүн деңгээлин, сапатын жогорулатуу боюнча 2013–2014–окуу жылында жүргүзгөн иштери жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2014–жылга кабыл алынган иш планына жана шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча кабыл алган чечимине ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык шаардык билим берүү бөлүмүнүн билим берүүнүн деңгээлин, сапатын жогорулатуу боюнча 2013–2014–окуу жылында шаардын билим берүү мекемелеринин педагогикалык жамааттарынын жүргүзгөн иштеринин көйгөйгө багытталган анализи жөнүндө шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Каримованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, жаштарга билим берүүдө иновациялык ыкмаларды пайдалананып, билим берүүнүн, окуу–тарбиялык иштердин деңгээлин, сапатын жогорулатуу жана окуучулар арасында тартип бузууларга жол бербөө, анын алдын алуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |