Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 14-ноябры № 24/82
“Кызыл–Кыя райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын 2013–жылда жана 2014–жылдын 8 айында жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы жөнүндө”
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2014–жылга кабыл алынган иш планына жана шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимине ылайык, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоону реформалоо боюнча Улуттук “Ден– соолук” пограммасын ишке ашырууну камсыз кылуу багытында жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Кызыл–Кыя райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын башкы даарыгери К.Тагаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын жетекчилигине Улуттук “Ден– соолук” жана “Туберкулез–4” программаларын ишке ашыруу, кургак учукка каршы профилактикалык жана аны дарылоо иштерин кабыл алынган иш пландарга негиз алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |