Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 14-ноябры № 24/83
“Кызыл–Кыя шаарынын Үй бүлөлүк Медицина Борборунун (ЦСМдин) 2014–жылдын 8 айындагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматы жөнүндө”
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2014–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын Үй бүлөлүк Медицина Борборунун (ЦСМдин) 2014–жылдын 8 айындагы ишмердүүлүгү боюнча Кызыл–Кыя шаарынын саламаттыкты сактоонун координатору, шаардын Үй бүлөлүк Медицина Борборунун директорунун милдетин аткаруучу А.Турдубекованын маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын Үй бүлөлүк Медицина Борборунун (ЦСМдин) жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүндө кетирилип жаткан кемчилдиктерди жоюу, Улуттук “Ден соолук” программасынын алкагында саламаттыкты сактоону реформалоону, калкты медициналык жактан тейлөөнүн сапатын, деңгээлин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнү калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөлөрүнө ылайык кабыл алынган иш пландарынын негизинде толук кандуу иштерди жүргүзүү жагы шаардын Үй бүлөлүк Медицина Борборунун жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын Үй бүлөлүк Медицина Борборунун (ЦСМдин) жетекчилигине милдеттендирилсин лаборанттардын квалификацияларын жогорулатуу, тажрыйбалуу адистерди тартуу, анализдерди аныктоочу лабораториялардын материалдык–техникалык базаларын чыңдоо, алардын сапаттуу анализдерди аныктоосуна шарт түзүү менен калкты дарылоонун натыйжалуулугун, медициналык тейлөөнүн калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу багытында максаттуу иштерди жүргүзүү жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |