Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 17-ноябры № 24/84
“Кызыл–Кыя шаардык соцалдык өнүгүү башкармалыгынын 2014–жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө”
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2014–жылга кабыл алынган иш планына жана шаардык кеңештин экономика, миграция, жумушсуздук, туризм жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча кабыл алган чечимине ылайык, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык соцалдык өнүгүү башкармалыгынын 2014–жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча соцалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы К.Мусаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык соцалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилигине милдеттендирилсин:
–2015–жылы белгиленүүчү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн шаардын мэриясы менен биргеликте азыртадан мааракени өткөрүүгө зарыл болгон иш пландарды даярдоо боюнча иштерди алып баруу жагы;
–аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө социалдык паспортторду толтуруу жана аларга жөлөк пулдарды чегерүүдө орун алган кемчилдиктерди четтетүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика, миграция, жумушсуздук, туризм жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |