Редакцияот 18.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын V сессиясы

 

2013-жылдын 18-марты № 5/2

“Долбоорго салым кошуу боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө”

Катран айыл Өкмөтүнүн башчысы Абдикасыт Исаевдин айыл Өкмөтүнүн админстративдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү сунушун угуп жана кеңири талкуулап, имараттык начар абалда экендигин эске алып Катран айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катран айыл Өкмөтүнүн админстративдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин түрткү берүүчү (стимулирующий) гранттынын эсебинен каржылоого улуштук пайызын колдоого алуу үчүн Катран айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин эсебинен 300 000 (үч жүз) миң сом акча каражаты айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.

2. Катран айыл Өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айтбаевге жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын өз убагында камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Катран айылдык Кеңешинин жергиликтүү бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Ж. Шооруковго тапшырылсын.

 

Катран айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Акматов