Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы
2014-жылдын 12-февралы № 10/1
“Катран айылдык Кенешинин депутаты Шооруков Бакытбек Абдибахаповичтин ыйгарым укуктутарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана 2012-жылдын 25-ноябрын-дагы жергиликтүү Кеңештердин депутат-тарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколуна ылайык, кийинки көп добуш алган талапкер Алимов Ысмайылжан Абытжанович жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү 52-беренесинин 2-пунктунун 6-бөлүмчөсүнө ылайык депутат Б. Шооруковдун башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратуу жана ушул эле мыйзамдын 52-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүмчөсүнүн негизинде 2012-жылдын 25-ноябрындагы жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколго ылайык, кийинки көп добуш алган талапкерди аныктоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айылдык Кенешинин депутаты Б. Шооруков башка жумушка өткөндүгүгнө байланыштуу анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызы депутаттарга тааныштырылсын.
2. Катран айылдык Кенешинин депутаты Б. Шооруковдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
3. Депутат Б. Шооруковдун мандаттык куболугу жараксыз экендиги бекитип берүү жагы аймактык жана борбордук шайлоо комиссияларынан суралсын.
4. Бош калган депутаттык мандат 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколдун негизинде кийнки шайлоочулардын көп добушун алган талапкер Алимов Ысмайылжан Абытжановичке депутаттык ыйгарым укуктар ыйгарылсын.
5. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан жана Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |