Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 21-февралы № 12/2
“Катран айыл Округунун 2013-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2014 жылдын бюджети 2015-2016 жылдарга бюджетинин долбоору жөнүндө”
Катран айыл Округунун 2013-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2014 жылдын бюджети 2015-2016 жылдарга бюджетинин долбоорун Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген контролдук цивра боюнча Катран айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Э. Айтбаевдин Катран айылдык Кеңешинин бюджети жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана “Катран айыл Өкмөтүнүн 2014-жылга бюджети жана 2015-2016 жылга долбоору жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери” жөнүндө,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн Кеңешинин сессиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл Округунун 2013-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен кошумча республик,5 миң сом каржыланып, жалпы жыл ичиндеги бюджет 322258,9 миң сом эсебине кирешелери ал эми чыгаша бөлүгүг 29584,0 миң сом эсебине № 1. № 1/1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2014 жылдын бюджети 2015-2016 жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорун түзүүдө акча каражаттарынын жетишпегендиги бар экендиги белгиленсин. 2014-жылга Катран айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыныгы маанилүү керектөөсү 10502,4 миң сом, жетишсиздиги 1233,1 миң сом экендигин эске алынып, жергиликтүү бюджетин кирешелери жана чыгашалары менен 9269,4 миң сом суммасында бекитилсин, алардын өлчөмдөрү № 2. № 2,1. № 3. № 3,1 № 4 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. 2015-жылга чыныгы маанилүү керектөөсү 11144,8 миң сом, жетишпегендиги 1584,1 миң сом экендиги эске алынып жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалар менен 9560,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана алардын өлчөмдөрү № 5. № 5.1 № 6. № 6.1 № 6.2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
4. 2016-жылга чыныгы маанилүү керектоосү 11715,4 миң сом, ал эми 1799,5 миң сом жетишпегендиги белгиленип кирешелер жана чыгашалар менен 9915,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин алардын өлчөмдөрү № 5.1 № 5.2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5. Жергиликтүү бюджеттен кирешелерин түзүү булактарында көрсөтүлгөн нормативдеринин негизинде 2015-2016 жылдар үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашалар № 4,2 № 5,2 № 5,3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2014-2015-2016 жылдарга Репсубликалык бюджеттен берилүүчү тенд өлчөмдөрү каралып, тендештирүүчү гранттар биринчи кезекте эмгек акы жана социалдык фондго чыгымдала тургандыгы аныкталсын. Алардын өлчөмдөрү № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Айыл Округуна караштуу “Айгул” балдар бакчасынын ата энелер взносунан (тамак аш үчүн) түшкөн каражаттар айыл Округунун атайын каражаттары катары эсептелинсин жана № 6.1 № 6.2 тиркемелерине ылайык бекитилсин.
8. Райондук казына бөлүмү аркылуу Катран айылдык Кенешинин аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар Катран айыл Оуругунун эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин.
9. Катран айылдык Округунун админстрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын.
10. 2014-жылга Катран айыл Округунун бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акы жана социалдык фондго чегерүү, дары дармек жана тамак аш сатып алууга)
11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Катран айыл Округунун аймагындагы айылдык клубдар, китепканалар, социалдык коргоо жактан женилдиктер жана коргонууга керектелүүчү каражаттар Катран айыл Округунун бюджетинен каржылансын.
12. Катран айыл Округунун бюджетинин 2013-жылга каржыланбай калган чыгымдары 2014-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
13. Катран айыл Округунун бюджетине өзгөртүүлөр жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
14. Кыргыз Республикасынын каржы министирлигинен жана Лейлек райондук мамлекеттик админстрациясынын Катран айыл Округунун 2014-жылга кабыл алынган бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 1233,1 миң сом жетишпестиктерин каржылап берүү жагы суралсын.
15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндөгү 2009-жылдын январындагы № 24 мыйзамынын 10 беренесинин негизинде салыктар жана башка төлөмдөр боюнча 2014-жылга райондук бюжетке жылдын жыйынтыгы менен такталган пландан ашыкча түшкөн суммадан 3% өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Лейлек районун боюнча башкармалыгынын “Социалдык өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо фондусуна” которуп берүү белгиленсин.
16. Катран айыл Округунун жергиликтүү бюджет боюнча 2014-жылдын 1-январына карата жугуртулуучу кассалык накталай акча 25.0 миң сом суммасында бекитилсин.
17. Айыл Округунун 2012-жылга каралган бюжети 2014-жылдын 1-январынан баштап ишкекиригизилсин.
18. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Катран айылдык Кенешинин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |