Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 21-февралы № 12/4
“Катран айыл Өкмөтүнүн аймагында калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2013-жылда атка- рылышы жана 2014-жылдын программасын бекитүү жөнүндө”
Катран айыл Өкмөтүнүн аймагында калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2013-жылда аткарылышы жана 2014-жылдын программасын карап көрүп Катран айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен Катран айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл Өкмөтүнүн аймагында калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2013-жыл ичинде аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Катран айыл Өкмөтүнүн аймагында калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2014-жыл үчүн түзүлгөн программасы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катран айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б. Шооруковго жана айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |