Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 21-февралы № 12/9
“2014-жыл 1-январга карата Катран айыл Өкмөтүнүн эсептешүү счетун-дагы калган калдык акчаны (свободный остаток) максаттуу пайдалануу үчүн кошумча смета кабыл алуу жөнүндө”
2014-жыл 1-январга карата Катран айыл Өкмөтүнүн эсептешүү счетундагы калган калдык акчаны (свободный остаток): анын ичинен 16006 сом атайын каражаттар счетунда, 2661227 сом бюджеттик счетунда жалпы 2677233 сомду сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу үчүн кошумча смета кабыл алуу максатында Катран айылдык Кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл Өкмөтүнүн 2014-жыл 1-январга карата атайын каражаттар счетундагы 16006 сомго, бюджеттик счетундагы 2661227 сомго жалпы 2677233 сомго кошумча смета киргизүү жагы КР каржы министрлигинен суралсын.
2. 2677233 сомду түзгөн калдык акчалар (свободный остаток) кабыл алынган сметанын негизинде № 1 тиркемеге ылайык максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылсын.
3. Катран айылдык Кеңешинин чечиминин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э. Айтбаевге милдеттендирилсин.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |