Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 14-апрели № 13/8
“Лейлек айыл Өкмөтү менен Катран айыл Өкмөтүнүн жайыт чек арасын аныктоо жөнүндө”
Катран айыл Өкмөтүнүн Баул айылынын жашоочуларынын арызынын негизинде Лейлек жана Катран айыл Өкмөттөрүнүн жайыт чек арасын аныктоо максатында ошондой эле Катран айылдык Кеңешинин сунушун эске алуу менен Катран айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек-Катран айыл Өкмөттөрүнүн жайыт чек араларын тактоо боюнча төмөнкүдөй комиссия курамы түзүлсүн;
- А. Исаев-Катран айыл Өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын торагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
- Б. Иметов.- Катран айылдык Кеңешинин депутаты, жер боюнча туруктуу комиссиянын торагасы.
- К. Жетимишов-Айылдык Кеңештин депутаты.
- А. Кадыров-Айыл Окмотунун жер боюнча адиси.
- К. Туратов-айыл башчы.
- У. Амиров-Катран айыл Окмотунун жайыт комитетинин торагасы.
- Э. Жанжигитов-жайыт комитетинин инспектору.
2. Комиссия курамына чек араны сүйлөшүү жана келишүү менен, мыйзам чегинде чечилүүсүн камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Өкмөтүнүн жер боюнча адиси А. Кадыровго тапшырылсын.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |