Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 14-апрели № 13/9
“Катран айыл Өкмөтүнүн Катран айылындагы “Жусуп-Катран” урөөн өндүрүү чарбасынын башчысы Т. Жусуповдун арызы жөнүндө”
Катран айыл Өкмөтүнүн менчигиндеги авто унаа туруучу гаражды, бош болгондуктан “Жусуп-Катран” үрөөнчүлүк чарбасы көп жылдан бери үрөөн сактоо, тазалоо үчүн пайдаланып келгендиктен, көп жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча арызын карап Катран айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушун эске алуу менен Катран айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жусуп-Катран” үрөөнчүлүк чарбасынын ишмердүүлүгүн карап чыгуу Катран айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Айыл Өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги авто унаа койуучу имараты 5 жылдан ашык эмес мөөнөткө ижарага берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн жер жана курулуш боюнча адиси А. Кадыровго тапшырылсын.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |