Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXV сессиясы
2014-жылдын 3-сентябры № 99
“Самаркандек айыл өкмөтүнүн кошумча сметасын бекитүү жана бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Самаркандек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика болумунун башчысы У.Ысманованын кошумча сметасын бекитүү жонундогу билдируусун угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин XХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн бюджетине эски жылдан калган калдык 745704,27 (жети жүз кырк беш миң жети жүз төрт сом 27 тыйын) сом, атайын счетуна эски жылдан калган калдык 22835 (жыйырма эки мин сегиз жүз отуз беш) сом суммасында бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн чыгаша болугунун билим беруу болумунун мектептер учун 745704,27 (жети жүз кырк беш миң жети жүз төрт сом 27 тыйын)сом, балдар бакчасына 22835 (жыйырма эки мин сегиз жуз отуз беш) сом акча каражаты кошумча бекитилип берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын учурдагы чарбалык максаттар учун буюмдарды сатып алуу беренесинен 220000 (эки жуз жыйырма миң) сом акча каражаты турдуу чыгымдар беренесине которулсун.
- аппараттын турдуу чыгымдар беренесинен 30000 (отуз миң) сом акча каражаты билим берүү бөлүмүнүн түрдүү чыгымдар беренесине которулсун.
- маданият тармагынын имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар беренесинен 18000 (он сегиз миң) сом акча каражатын камсыз кылууларды алуу беренесине которулсун.
4. Бекитилген каражаттын максатуу пайдаланууну жана болуштуруп беруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБбашчысы У Ысмановага милдеттендирилди.
5. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы план бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Самаркандек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Орозов |