Редакцияот 03.09.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVI шайланган

XIV сессиясынын

2014-жылдын 3-сентябры № 14/4

“Жайыт акыларынын алты айда аткарылышынын абалы жөнүндө”

 

Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVI шайланган XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт акыларынын алты айда чогулушу өз деӊгээлинде жүрбөгөндүгү белгиленсин.

2. Жайыт акыларынын  өз убагында толук чогултулушун камсыз кылуу 1-ноябрь 2014-жылга чейин белгиленип, жайыт комитетинин төрагасы К Абдырахмановко милдеттендирилсин.

3. Жайыт комитетине тиешелүү иш кагаздарын өз убагында бүткөрүү жайыт комитетинин төрагасы К Абдырахмановко тапшырылсын, эгерде иш кагаздары өз деӊгээлинде жүргүзүлбөсө кызматтык чара көрүлөрү эскертилсин.

 

Талды-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Молоев