Редакцияот 17.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Акназаров айылдык Кеӊешинин 30-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

 

2013-жылдын 17-январы № 4

“Айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусу жөнүндө”

 

Акназаров айылдык аймактык кенештин 30-чакырылыштагы депутаттарынын 2013-жылдын 17-январындагы экинчи сессиясы, айыл өкмөтүнүн башчысынын маданият үйүнүн жанындагы кара жыгачтарды кыйып, жаныртуу боюнча кайрылуусун карап чыгып, талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акназаров айылдык аймагынын Кызыл-Октябрь айылындагы маданият үйүнүн жанындагы кара жыгачтар кыйылбасын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеӊешинин жер жана муниципалдык менчиктер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Акназаров айылдык

 кеӊешинин төрагасы

К. Жорготаев